1000 сомдук телефон, гамбургердеги баңгизат, түрмө. Марттагы соттук чечимдер

© Фото / Pexels / Sora ShimazakiСтолдогу судьянын балкасы. Архив
Столдогу судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Келинчеги менен кайненесин бычактаган зөөкүр, абактагы таанышына кол сунуп өзү камалып калган дос... Өткөн айда өлкө аймагындагы Фемида өкүлдөрү бир катар ишти карап өкүм чыгарды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол чуулуу кылмыш иштеринин айрымдарын чоо-жайы менен сунуштайт.

Погончон кылмышкер

Чүй облусундагы жаза аткаруу мекемелеринин биринде иштеп жүргөн 24 жаштагы жигит камакта жаткандар менен кызматташып жүрүп ИИМ кызматкерлеринин колуна түшкөн. Ал соттолгондор менен алдын ала сүйлөшүп алып, аларга баңгизат, спирт ичимдиктерин алып келип түрмөнүн тосмосунан ыргытып турган. Бир жолкусунда кармалып, погончондорго эки килограммга жакын баңгизат, 10 литр аракты өткөрүп берген. Сот аны 100 миң сом айып пул төлөмөр кылды.

Тажикстандын соттолгон 15 жараны

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Тажикстандын 15 жараны Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылы чектешкен аймактан чек ара тилкесинен Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп бара жатып чек арачылар тарабынан кармалган. Териштирүү маалында айыпталуучулардын бардыгы тең күнөөлөрүн мойнуна алган. Фемида өкүлдөрү алардын ар бирине 220 миң сомдон айып салды.
Өзүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, Сокулук районунун жашоочусунан акча талап кылган киши менен анын шериги кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Милиционердин атын жамынып ишкерди коркуткандар кармалды. Сүрөт
Аялын, кайненесин бычактап....
Кылмыш болгон күнү келинчеги менен таарынышып жүргөн 36 жаштагы эркек түндө мас болуп алып кайын журтуна барган. Ал жактан келинчеги жана кайненеси менен ураша кетип, аларга кол көтөрүп, экөөнү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Катуу корккон келин көчөдөгүлөрдү жардам чакырган. Жакындарына бычак кезеп көчөдө качып бара жаткан эргулду кошуналары колго түшүрүп, милиционерлерге өткөрүп берген. Ал эми бычакталган эки аял ооруканага жеткирилген. Шектүү тергөө маалында келинчегинин ата-энесинин үйүнө адам өлтүрүү үчүн барбаганын, кокустук болуп кеткенин айткан. Эми эки баланын атасы алты жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Кыргызстанга алып келинген жасалма акчалар

Коңшу Өзбекстандын жараны "Манас" эл аралык аэропортунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин колуна түшкөн. Ал Түркиядагы таанышы менен Стамбул шаарында жасалма 39 миң АКШ долларын даярдап, Кыргызстандын аймагына жүгүртүү үчүн алып келе жатканда кылтакка илинген. Чекисттерге шейшепке катылган ири суммадагы акчаны таанышы тосуп алат деп салып жибергенин, өзү жашы жете элек эки баланы жалгыз өстүрүп жатканын айтып, соттон жеңил жаза берүүнү өтүнгөн. Жыйынтыгында ал 70 миң сом айып төлөп, камактан бошотулду.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
13 жаштагы кыздын зордукталышы. Тоңдо акталгандар кайра соттолду
Досуна баңгизат ташып...
Айыпталуучу Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан досуна тамак-аш киргизгени барып погончондорго кармалган. Көтөрүп келген баштыктагы гамбургердин ичинен мекеменин кызматкерлери үч тоголок баңгизат таап чыккан. Териштирүү учурунда мыйзамсыз затка буюртма берген жигит бир кылмыш иши боюнча эки жылдан бери темир тор артында жаткандыгы белгилүү болгон. Ал кылмыш болгонго чейин досу менен байланышып, кара куурай алдыруу үчүн банктык картасына тааныштары аркылуу 6000 сом которткон. Шеригине кол сунган жаран эми сегиз жыл түрмөдө болуп, мамлекетке 60 миң сом төлөйт.

Арзыбаган акча, кыйылган өмүр

Бишкек шаарындагы унаа жуучу жайлардын биринде иштеген эки жигит жумуштан кийин кечинде Ботаникалык бакта арак ичип отуруп мушташа кетишкен. Анда шектүү кесиптешин өзгөчө мыкаачылык менен катуу сабап, үч жолу бөтөлкө менен башка чаап, жарым жан кылып жардам бербей таштап койгон. Андан соң канжалаган баланын чөнтөгүнөн 1000 сомдук уюлдук телефонун, 190 сомун алып кеткен. Таяк жеген эркек окуя болгон жерде көз жумган. Адам өмүрүн алган жаш зөөкүр 13 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0