УКМК машыгууда оор жаракат алган атайын аскер тууралуу маалыматты териштирет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАскер кызматкери. Архив
Аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Аскер кызматкердин жаракат алганы боюнча УКМК кошумча комментарий берген жок. ЖМКлар аскердик машыгууда атайын аскер бөлүктүн жоокери оор жаракат алганын жазышты.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Альфа" атайын даярдыктагы аскер бөлүктүн жоокеринин машыгууда жаракат алганы боюнча маалыматты териштирет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
УКМК бул боюнча мындан башка комментарий берген жок.
Буга чейин ЖМКлар Бишкектин четинде машыгууда согуштук куралдан жоокер жаракат алганын жазып чыгышкан. Анда аскер кызматкери колунда кармап турган гранатасы жарылганы айтылган. ЖМКлар белгилегендей, жаракат алган жоокер оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0