ӨКМ: Ысык-Атада чайыр эриткен челекке түшүп кеткен киши каза болду

© AFP / MARCO LONGARIМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Төрт адамдан турган куткаруучулар тобу эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы "Кант цемент заводу" ишканасынын аймагында 51 жаштагы киши чайыр эритүүчү челекке түшүп кетип, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Окуянын чоо-жайы айтылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0