Кытайда 22 жаштагы кыргызстандык студент жол кырсыгынан каза болду

© AFP / WANG ZHAOШанхай шаарындагы полиция кызматкери. Архив
Шанхай шаарындагы полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Азырынча кырсыктын чоо-жайы белгисиз. Жерине барып маалымат алуу үчүн элчиликтин бир кызматкери Шанхайга жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кытайда кыргызстандык студент жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ырчы НурЧолпон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Оодарылган аскер унаасында Залина Касымова, НурЧолпон болгон. Артисттердин абалы
ТИМ маркумдун жакындарына сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшөрүн белгилеп, андан башка иштер элчиликтин компетенциясына кирбей турганын эскертти.
Ошондой эле бул кырсык боюнча Кытайдын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0