Ош шаарында мугалимди атып кетишти. Милиция шектүүлөрдү издөөдө

© AP Photo / Charles Rex ArbogastКиши тапанчадан атып жатат. Архив
Киши тапанчадан атып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматованын айтымында, маркум күндүз аталган орто мектепте информатика предмети боюнча сабак берип, кечинде таксист болуп иштеп жүргөн.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүн, 23-мартта, Ош шаарынын Көкүм Бий көчөсүнөн октон жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылган. Маркум шаардагы №44 мектептин информатика мугалими экендигин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
“Эртең менен Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында эркек кишинин сөөгү табылган. Саат 8:00 чамасында милицияга жергиликтүү тургундар кабар беришкен. Сөөктү кароо учурунда денесинен учтуу буюмдун тактары табылган. Бул факт шаардык милиция тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталды”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Өзгөндө эки киши атылган куралы табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Өзгөндө атылган эки киши: шектүүлөрдүн унаасы менен куралы табылды. Сүрөт
Аталган кылмыш ишине шектүү адамдар изделип жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон адамдын төш тарабына чачма ок тийгендиги белгилүү болгон.
Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова маркум күндүз аталган орто мектепте информатика предмети боюнча сабак берип, кечинде таксист болуп иштеп жүргөндүгүн билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0