ЖК депутатынын пара менен кармалган бир тууганы айып пул төлөп эркиндикке чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Данияр Төлөнов. Архив
Депутат Данияр Төлөнов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК менен Финполдун кызматкерлери кармаган.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун пара алууга шектелип кармалган бир тууганы Бактияр Төлөнов айып пул төлөп эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты
Биринчи май райондук сотунун токтомуна караганда, 2020-жылдын 9-январында Бактияр Төлөнов 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК менен Финполдун кызматкерлери кармаган. Документте Төлөнов жеке тараптан чет элдеги эмгек мигранттарынын ишине лицензия берүү боюнча маселени чечип берүү үчүн 1 500 доллар талап кылганы айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0