"Динсиздерге" каршы материал топтоп жүргөн. Террордук уюмдун мүчөсү кармалды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКамактагы адамдын көлөкөсү. Архив
Камактагы адамдын көлөкөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Шектүүнүн үйүнөн эл аралык террордук жана радикалдык экстремисттик уюмдарга тиешелүү кол жазмалар, дисктер табылган.
БИШКЕК, 16-мар. – Sputnik. "Жамаат ат-Таухид Валь Жихад" радикалдык экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
© Фото / пресс-служба МВД КР"Жамаат ат-Таухид Валь Жихад" радикалдык экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды
Задержанный член МТО и РЭО Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Жамаат ат-Таухид Валь Жихад" радикалдык экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды
Март айында Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү боюнча ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, алып жүрүү, жеткирүү") сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунда туулган 25 жаштагы У. Д. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынган.
"Натыйжада шектүүнүн үйүнөн эл аралык террордук жана радикалдык экстремисттик уюмдарга тиешелүү кол жазмалар, дисктер табылды. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө У. Д. өзү дагы кармалып, жанынан "динсиздерге" каршы жихад жасоо жөнүндө маалыматтар камтылган блокнот алынды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0