ИИМ: киши өлтүрүү иши боюнча милиционер кармалды, экинчиси издөөдө

© REUTERS / POOLКишенчен кармалган киши. Архив
Кишенчен кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Баткен облусундагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага кызматкери учурда камакка алынган.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Милиционер киши өлтүрүү иши боюнча камакка алынып, дагы бири изделип жатат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери бир ай бою "погончон кылмышкерлерди" кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүштү. 13-мартта болжол менен саат 01:45те Баткен облусундагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу Х.К. аттуу милиционерди кармашкан. Ал Бишкектеги убактылуу кармоо жайына алып келинди", — деп айтылган маалыматта.
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Кызматкерин сабаган... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына каршы арыз түштү
Тергөөчүлөр Жазык кодексинин 39-беренесинин ("Киши өлтүрүүгө аракеттенүү") негизинде кылмыш ишин козгошкон.
Мындан сырткары, Баткен Ички иштер башкармасынын Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси М.Н. издөөгө алынган. Учурда бул боюнча да тергөө иштери жүрүүдө.
Маалымат кызматы козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бере элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0