Боомдогу адам өмүрүн алган жол кырсыгынын болжолдуу себеби айтылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМуз тоңгон автоунаа. Архив
Муз тоңгон автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Кайгуул күзөт милициясынан билдиришкендей, машина Бишкекти көздөй бара жаткан. Кечээ күнү аба ырайынын бузулушунан жолдорго муз тоңуп, тыгын пайда болгон.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Боом капчыгайындагы адам өмүрүн алган жол кырсыкка тайгак жол себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиршти.
Жол кырсыгы кечээ, 14-мартта, саат 19:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда болгон. Mazda 626 үлгүсүндөгү унаа парапетти сүзүп кеткен.
ЖКККБнын маалыматына караганда, машина Бишкекти көздөй бараткан. Кырсыктын кесепетинен 25 жана 26 жаштагы эки жүргүнчү көз жумган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Эске салсак, аба ырайынын бузулушунан жолдорго муз тоңуп, Боом капчыгайында унаа тыгыны жаралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0