"Гансини" обсервацияга айлантууга бөлүнгөн акчадан 2,5 млн. сом уурдалганы айтылды

© Sputnik / Актан Темирканов"Ганси" авиабазасындагы обсервация. Архив
Ганси авиабазасындагы обсервация. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Аскер прокуратурасы аталган мамлекеттик мекеменин кызматкерлери ири суммадагы каражатты кымырып алган фактыны аныктаган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Аскер прокуратурасы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган учурду таап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирус апаатына каршы күрөш жүргүзүү максатында "Ганси" авиабазасын илдетке чалдыккандарды кабыл алуучу ооруканага айлантуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Тийиштүү кызматкерлер акчаны максатсыз пайдаланган.
"Текшерүүдө аныкталгандай, "Аскер курулуш" ишканасынын кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшкөн компаниялар менен бирге жасалган жумуштардын көлөмүн, курулуш материал, жабдыктардын баасын негизсиз кымбаттатып жазганы аныкталды. Мындан сырткары, жасалган иштер ар башка субподрядчылардын актыларында кайталанып көрсөтүлгөн. Натыйжада мамлекеттин казынасына 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өңдүрүш башталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0