Чоң кызматка баруу үчүн коркуткан. УКМК энергетикти кармады

© AFP / SIPHIWE SIBEKOАткаминер портфель менен. Архив
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Кармалган адам ишкананын филиалдарынын бириндеги директордун ордун опузалап тартып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ишканасынын жооптуу кызматкерин кармады. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал ишкананын филиалдарынын бириндеги директордун ордун опузалап тартып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.
УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган адам жетекчиликти колундагы компромат маалыматтарды көрсөтөм деп коркутуп, ошондой эле ЖК депутаттарын, жогорку кызматтагы аткаминерлерди да ортого саларын айтып, кызмат алууга аракет кылган.
Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 3-мартта шектүү энергетик кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0