Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧСПожар в здании школы в Кара-Сууйском районе
Пожар в здании школы в Кара-Сууйском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Окуя кечээ кечинде болгон. Ал жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.
© Фото / пресс-служба МЧСОштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти
Пожар в здании школы в Кара-Сууйском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти
Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0