Аялдарга кечинде кол салып турушкан. Милиция Аламүдүндөн шектүүлөрдү кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековАялга кол салып жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт
Аялга кол салып жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдардын аялдарга кол салып, аларды муунткан бир нече фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиШектүүлөр
Задержанные по подозрению в нападении на женщин в Аламудунском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шектүүлөр
Билдирмеге караганда, шектүүлөр аялдарга кечинде кол салып турушкан. 2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.
"Аталган кылмышка шектелип 20 жаштагы Б.М. аттуу улан жана буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 21 жаштагы К.Д. кармалган", — деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши башталып, шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы такталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0