Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшүп, унаа кыймылына чектөө киргизилди

© Фото / пресс-служба МЧС КРТехника жолду кардан тазалап жатат. Архив
Техника жолду кардан тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Кар көчкү саат 18:30да түшкөн. Көчкүнүн узундугу 150 метр, бийиктиги үч метрге жакын. Жолду тазалоо иштери саат 21:35ке аякташы мүмкүн.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 223-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүп, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кар көчкү саат 18:30да түшкөн. Көчкүнүн узундугу 150 метр, бийиктиги үч метрге жакын. Учурда ошол участкадагы унаа кыймылына чектөө киргизилди. Жолду тазалоо иштери саат 21:35те аякташы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0