18:00 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
302 0 0

20-февралга караган түнү белгисиз адамдар Сүлүктү шаарындагы мечиттердин биринен 77 000 сомдон ашуун акча уурдалганы аныкталып, милиция териштирүү баштаган.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мечиттердеги садака кутучаларынан акча уурдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

20-февралга караган түнү белгисиз адамдар Сүлүктү шаарында жайгашкан "Нур-Вали" мечитиндеги темир сейфти бузуп, 77 000 сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Факт Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кулунду айылындагы базардан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү шаардагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тема боюнча

Уурдабагылачы?!. Мэрия шаардыктарга кайрылды
Бишкектик айым унаа жуучу жайдан 2,5 миң долларлык катализаторун уурдатты
Белгилер:
Сүлүктү, кармоо, мечит, шектүү, уурулук

ЭҢ МААНИЛҮҮ