Кара-Кулжада жарга кулаган унаадагы жубайлар небереси менен каза болду. Видео

© Фото / пресс-служба МЧСОш облусуна караштуу Кара-Кулжа — Биринчи Май унаа жолунда болгон жол кырсыгы
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа — Биринчи Май унаа жолунда болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Машинада бара жаткандар мүрт кетишкен. Ушу тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа — Биринчи Май унаа жолунда кырсык катталып, айдоочу жубайы жана 2 жаштагы небереси менен каза тапканын облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, кырсык бүгүн түш ченде болгон. Volvo үлгүсүндөгү автоунааны айдап бара жаткан 60 жаштагы киши рулга ээ боло албай жолдун четине чыгып кеткен. Андан соң 25 метр тереңдиктеги жарга кулаган. Машинада бараткан эки киши менен наристе, үчөө тең көз жумган.
© Фото / Зульфия ТургуноваОш облусуна караштуу Кара-Кулжа — Биринчи Май унаа жолунда кырсык катталып, айдоочу жубайы жана 2 жаштагы небереси менен каза тапканын облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди
ДТП на трассе Кара-Кульджа — Первомай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа — Биринчи Май унаа жолунда кырсык катталып, айдоочу жубайы жана 2 жаштагы небереси менен каза тапканын облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди
Ушу тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0