ИИМ: Бишкекте баңгизат саткан интернет дүкөн жабылды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБаңгизат алуу. Архив
Баңгизат алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Сатып алуучу менен сатуучу жолукчу эмес. Алар тек гана интернет аркылуу байланышта болуп турушкан. Акча электрондук капчыкка которулчу.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган.
© Фото / пресс-служба МВД КРБишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты
Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты
© Фото / пресс-служба МВД КРМаалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган
Маалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган
1/2
Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты
2/2
Маалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган
"Кылмышкер интернет дүкөнү аркылуу товардын аталышын, салмагын, баасын жарыялап турган. Сатып алуучу менен сатуучу жолукчу эмес. Алар тек гана интернет аркылуу байланышта болушкан. А.С. товарды саткандан кийин аларды короолордогу таштанды челектерге, урналарга таштап кетип турган. Ал эми сатып алуучу каражатты электрондук капчыктарга, банктык картага которуп турган. Шектүү акчаны жеке керектөөсү үчүн сарптаганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Жарандын үйүн тинтүү учурунда баңгизатын өстүрүүгө ылайыкталган жабдыктар, рация, компьютер табылган.
А.С. изин жашыруу үчүн ар дайым эски аккаунттарын өчүрүп, жаңыларын ачып турган. Сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында соттук-химиялык, программалык-техникалык, техникалык-криминалдык экспертиза дайындалды. Учурда кылмышка тийиштиги бар башка тараптар дагы изделип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0