Түндө Бишкек шаардык сотунун эшигин бузуп киргендер изделип жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЭшикти бузуу учурунда. Архив
Эшикти бузуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Кылмышкерлердин көздөгөн максаты азырынча белгисиз. Имараттан кылмыш иштери боюнча документтер жоголгон эмес.
БИШКЕК, 10-фев. – Sputnik. Бишкек шаардык сотунун имаратынын ичине 10-февралга караган түнү белгисиз адамдар эшикти бузуп киришкен. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
"Бардык документтер ордунда. Жарандык, кылмыш жана административдик иштер жоголгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0