Сот департаментинин кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

© REUTERS / POOLКишенчен киши. Архив
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Сот департаментинин кызматкери даяр программаны кайра жасоо шылтоосу менен 2,4 миллион сом кымырган деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку соттун Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 2018-жылы июнда Сот департаментинин кызмат адамдары Сот аткаруучулар кызматы бөлүмү үчүн "КРдин сот истемасынын карыздар реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү үчүн тендер өткөргөн. Ал жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өтүп, IT-компания менен 2 миллион 385 миң сомго жасалма келишим түзүлгөн.
"Деген менен 2018-жылы аталган программаны Сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн адистери өз маянасынын эсебинен иштеп чыккан. Ал Кыргызпатентке расмий түрдө катталган. Ошого карабай Сот департаментинин кызмат адамдары кылмыштуу кадамга барып, даяр программаны жасоону шылтоолоп IT-компания менен жасалма келишим түзгөн. Натыйжада ал үчүн бөлүнгөн 2 миллион 385 миң сомду коррупциялык схеманын катышууучулары өздөрү алып койгон", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку сот. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жогорку сот Гүлбара Калиеваны айыптаган УКМКга жооп кайтарды
Тергөөнүн алкагында аталган долбоорду жетектеген С.К.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча тергөө улантылып, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы айтылат.
Ошондой эле УКМК аталган IT-компания "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча дагы коррупцияга шектелип жатканын эскертти. Бул кылмыштын бир фигуранты катары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева өтүп жатканы белгиленет.
Эске салсак, УКМК буга чейин Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурага сунуш жөнөткөн. Учурда Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы аталган маселени карап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0