Абактарда "положенец" макамын алып жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү кармалды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевТергөө абагына
Тергөө абагына - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Кармалган адам буга чейин ар кайсы беренелер менен бир нече жолу соттолгон. Түзөтүү абактарында "смотрящий", "положенец" макамдарын алып жүргөн.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун "Точка" каймана аттуу активдүү мүчөсү кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 46 жаштагы А.Б. 4-февраль күнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган.
© Фото / пресс-служба МВДУюшкан кылмыштуу топтун "Точка" каймана аттуу активдүү мүчөсү кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилди
Задержание члена организованной преступной группировки А. Б. по прозвищу Точка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Уюшкан кылмыштуу топтун "Точка" каймана аттуу активдүү мүчөсү кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилди
Текшерүү учурунда андан 5 огу менен "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча жана колго жасалган бычак табылган.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 253-беренесинин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кармалган адам каракчылык, уурулук, баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана опузалоо сыяктуу беренелер боюнча бир нече жолу соттолгон. Түзөтүү абактарында "смотрящий", "положенец" макамдарына ээ болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0