Бишкекте милициянын автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовРазвод-инструктаж Бишкекского гарнизона с участием всех силовых структур
Развод-инструктаж Бишкекского гарнизона с участием всех силовых структур - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Окуя бүгүн, 7-февралда, болгон. Анда Кайгуул милициянын автоунаасы Nissan үлгүсүндөгү автокөлүк менен кагышып, экөө тең атайын жайга токтотулган.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бүгүн, 7-февралда, Профсоюзная көчөсүндө милициянын автоунаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу интернетке жүктөлгөн.
Видеодон милициянын автоунаасы эвакуаторго жүктөлүп турганын көрүүгө болот. Маалыматты Кайгуул милициясынын маалымат кызматы тастыктады. Ага ылайык, милициянын автоунаасы Nissan үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк менен кагышкан.
Кырсыктан экинчи автоунаадагы бир адам жабыркаган. Эки автоунаа тең атайын жайга токтотулуп, экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдар Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0