Милиция: Нарында белгисиз адамдар атып кеткен киши быйыл 31 жашка чыкмак

© Фото / Pixabay / kerttuНошение огнестрельного оружия
Ношение огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Нарын шаарында белгисиз адамдар атып кеткен киши быйыл 31 жашка чыкмак. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, кечээ, 6-февраль күнү, Нарын шаарында атышуу болуп, бир адамдын каза болгону айтылган.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 6-февраль күнү саат 20:40тар чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө Москва районунан белгисиз адамды атып кетишкени боюнча билдирүү түшкөн.
"Факт Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда Москва районундагы "Сайкал" дүкөнүнүн жанынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 31 жаштагы С.А. аттуу адам сол жагындагы моюн, жаак тарабына ок жеген. Милиция барган учурда аны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери жардам көрсөтүү үчүн алып кетип жаткан. Бирок ал ооруканага жетпей каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0