Бишкек — Чалдовар жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты. Видео

© AFP / JOHAN ORDONEZЖол кыгсынынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кыгсынынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Адам өлүмүнө алып келген авария кечээ болгон. Анда эки автоунаа бет маңдай кагышканы айтылууда. Кырсыктан дагы бир киши жабыркаган.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Панфилов районунда жол кырсыгынан эки кишинин каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
Окуя кечээ кечинде болгон. Автоунаалар кагышкандан кийинки көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
ЖКККБнын маалыматы боюнча, Бишкек — Чалдовар трассасында бири-бирине каршы бараткан "Жигули" автоунаасы менен Mercedes 71-чакырымда, Эфиринос айылынын тушунда кагышкан. Натыйжада "Жигулинин" айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканада көз жумганы айтылды. Дагы бир адамдын жабыркаганы белгилүү болгон.
Ушу тапта жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0