Кочкордо жер титиреди

© Sputnik / Эмиль СадыровКочкор районундагы айыл. Архив
Кочкор районундагы айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Жер титирөө Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 балл, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жок.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.
Жер титирөө кечээ, 4-февралда, катталган.
Жердин силкинүүсү Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 балл, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0