Пандемия учурунда дарыдан киреше табууну көздөгөндөргө иш козголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дело" папкасы. Архив
Дело папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Департаменттин жооптуу кызмат адамдары киреше табуу максатында фармацевтикалык компаниялар менен келишип алып, коррупциялык кылмыш жасашканы аныкталган.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек департаментинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, башкы көзөмөл орган департаменттин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда коррупциялык схема аныкталган.
"Департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттап экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдоп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн жана коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан", — деп айтылат маалыматта.
Аталган фактылар боюнча департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча 8 материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0