БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаа катуу ылдамдык менен барып Кайгуул милиция кызматкерлеринин машинасын сүзүп алды.
Кырсыктын кандай болгонун Oppa.kg деп аталган Instagram-аккаунт жарыялады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кадрдан жеңил автоунаанын Ибраимов көчөсү менен Жибек Жолу проспектин көздөй баратып инспекторлордун машинасын сүзгөнүн көрүүгө болот. Катуу урулган кызматтык автокөлүк бир топко чейин сүрүлүп барган.
Жол кырсыгы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жаракат алгандар жок.