04:44 07 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.1579
  • RUB1.1394
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
796 0 0

Соцтармакка жеринен тартылган видео тарады. Күбө ага депутат Камчыбек Жолдошбаев ортонун көрсөтүп, сөгүп салганын видеого тартып алган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин унаасы жол кырсыгынан кийин айып короого киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул күзөт милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн эртең менен Тимирязев жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жерине милиция кызматкерлери барган.

"Lexus 570 үлгүсүндөгү унаанын 1991-жылкы И.А. аттуу айдоочусу Чокморов көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып Mercedes автосу менен кагышкан. Андан кийин жолдун четинде токтоп турган Honda Accord унаасын сүзүп алган. Lexus унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден кетип калган. Бирок бир нече убактан кийин кайра кайтып келип, жол кырсыгы тууралуу "102" кызматына кабарлаган", — дешти милициядан.

Жабыркагандар жок. Унаалардын бардыгы айып короого киргизилди. Материалдар тергөөгө жөнөтүлдү.

Соцтармакка жеринен тартылган видео тарады. Күбө ага депутат Камчыбек Жолдошбаев ортонун көрсөтүп, сөгүп салганын видеого тартып алган.

Тема боюнча

Ысык-Көлдө айдоочу автоунаасы менен Жыргалаң суусуна түшүп кетти. Видео
Белгилер:
жол кырсык, милиция, Камчыбек Жолдошбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ