Ысык-Көлдө айдоочу автоунаасы менен Жыргалаң суусуна түшүп кетти. Видео

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүДарыяга түшүп кеткен автоунаа. Архив
Дарыяга түшүп кеткен автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автокырсык бүгүн саат 16:00дө болгон. Кырсыктын келип чыгышына айдоочунун рулду башкара албай калышы себеп болгон.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда айдоочу автоунаасы менен Жыргалаң суусуна түшүп кетти. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Кырсык 28-январь күнү саат 16:00дө болгон. Volkswagen Golf II унаасын башкарып бараткан айдоочу рулду башкара албай көпүрөдөн түшүп кеткен. 
Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Айдоочу 29 жаштагы Боз-Булуң айылынын тургуну болгон. 
Жаңылыктар түрмөгү
0