УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кармалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев. Архив
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү иштери уланып жатат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Буга чейин Сегизбаев 25-январда УКМКга сурак берүү үчүн барганы айтылган.
Аткаминердин мыйзамсыз байыган мүлкү - Sputnik Кыргызстан
Хан сарай, бодо мал... Министрликтин өкүлү мыйзамсыз байыган деп кармалды
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 14-январында Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдар тарабынан Башкы прокуратурага түшкөн кайрылуунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши каттоого алынган. Анда Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезде Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевдин беделине атайылап шек келтирип, кылмышка айыптаганы белгиленген. 
Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер, “Белизгейт” иши боюнча дагы айыпталууда.
“УКМК менен Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында Сегизбаев жогоруда аталган кылмыштарды жасаганы аныкталды. Буга байланыштуу ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — дешти Башкы прокуратурадан.
Учурда кылмыш ишине тийиштиги бар башка тараптарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп дагы шектелүүдө. Ага буга чейин Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0