Бишкекте унаасы менен кишини коюп качып кетти деген аял кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗадержание подозреваемых в наезде на пешехода
Задержание подозреваемых в наезде на пешехода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы күнү Үмөталиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө тургунду сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте кишини унаасы менен сүзүп качып кетти деген аял кармалганын милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.
21-январда саат 17:00дөр чамасында Үмөталиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу унаа менен жөө тургунду сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден из жашырып кеткен. Окуянын кесепетинен 33 жаштагы киши ооруканага жаткырылган.
"Коопсуз шаардын" камералары аркылуу жол кырсыгына шектелип Lexus 470 унаасынын ээси — 1992-жылы төрөлгөн А. А. аттуу аял кармалды", — деп айтылат билдирмеде.
Шектүү Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0