Эртең менен Нарында жер титиреди

© Фото / Табылды МуратбековАкция популяризации книги в селе Ак-Талаа Нарынской области
Акция популяризации книги в селе Ак-Талаа Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунун төрт айылында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бүгүн саат 08:38де Кыргызстандын аймагында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байгончок айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0