Нарында курамында алтын бар деген таштарды ташып бараткандар кармалды. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба УВД Нарынской областиЗадержание за контрабанду белых камней в Нарыне
Задержание за контрабанду белых камней в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондо "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында таштарды мыйзамсыз ташууга шектелгендер кармалды.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Нарын районунда курамында алтын бар делген ак түстөгү таштарды мыйзамсыз негизде алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүшкөн.
Анын алкагында таңкы саат 05:50лөр чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.
"Натыйжада Нарын районунун беш тургуну Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр аймагынан курамында алтын бар делген ак түстөгү үч капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган", — дешти милициядан.
Факты Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынды. Ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0