Милиция Бишкекте Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады. Видео

Жазылуу
Шектүүнү Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алышты. Ал 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Криминалдык милициянын кызматкерлери Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Шектүүгө Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2018-жылы издөө салынган.
"Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, издөөдө жүргөн 31 жаштагы Ш.А. Бишкекте экени маалым болуп, колго түшүрүлдү. Ал Тергөө кызматына алып келинип, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Киши колунда кишен менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК кримтөбөл "Дженгонун" жакын адамы деген кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады
Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.
"Мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорт клубдардын биринен кармалып, УКМКга алып келинген.
Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
24-октябрда ал тергөө бүткөнгө чейин деп камакка алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0