Мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Алтынбек Ибраимовдун кылмыштуу дүйнөдө салмактуу орду бар.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, "Алтуха" каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, "Алтуха" каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов кармалды.
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, "Алтуха" каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов кармалды.
Ибраимов УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда анын тийиштиги бар делген фактылар боюнча ыкчам тергөө иштери аткарылып жатат.
Эки күн мурда кримавторитетти профилактикалык баарлашууга ИИМ чакырган болчу. Ага коомдук тартипти сактабай, мыйзам бузса жоопко тартылары эскертилген.
Финполдун өкүлү 2014-жылдан тарта чоң кызматтарда иштеп жүрүп Ош менен Бишкекте ондон ашык кыймылсыз мүлккө ээ болуп, бир катар курулуштарды каржылаган.