Былтыр кылмыштуу топ Россиядан Кыргызстанга 18 автоунаа уурдап келген

Жазылуу
Министрдин орун басары сунушталган мыйзам кабыл алынса уурдалган автоунааларды ыкчам аныктоого шарт түзүлөрүн белгиледи.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда Россиядан уурдалып келинген 18 автоунаа кармалды. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, беш кишиден турган улуттук аралык кылмыштуу топ кармалып, машиналарды Кыргызстан аркылуу Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.
Бишкек жана Чүй облустарында бир нече автоунаа уурдоого шектелип 18 жашка чыга элек өспүрүм балдар кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдө автоунаа уурдап жүргөн деп өспүрүмдөр кармалды. Сүрөт
Мындан сырткары, чет өлкөдөн уурдалып келип өлкө аймагында жасалма документ менен катталган 20 автокөлүк дагы табылганын билдирди. Алардын кээ бирине издөө жарыяланып, шектүүлөр аныкталган.
Бүгүн парламентте "КМШ өлкөлөрүнүн автоунаа уурдоого каршы күрөшүү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.
Каниметов аталган мыйзам кабыл алынса уурдалган автоунааларды ыкчам аныктоого шарт түзүлөрүн белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0