"Каракол" лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүм. Кырсыктын чоо-жайы

© Фото / Сергей ЕршовГорнолыжная база "Каракол"
Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмдүн сөөгүн кароо учурунда оӊ буту жана мойну сынганы аныкталган. Учурда кырсыктын себептерин толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылды.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Каракол" лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирүү таратты.
Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүм 35 жаштагы апасы менен 3-январда Нур-Султан шаарынан Токмоктогу туугандарыныкына келген. 10-январда Караколдогу лыжа базасына эс алууга барышкан.
"12-январь күнү саат 13.00дөр чамаларында өспүрүм 3 040 метр бийиктиктен ылдый түшкөн. Болжол менен 2 700 бийиктикке түшкөндө бурула албай чоӊ карагайды сүзгөн. Алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Өспүрүмдүн денесин кароо учурунда оӊ буту жана мойну сынганы аныкталган. Учурда кырсыктын себептерин толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0