Казакстандык өспүрүм "Каракол" лыжа базасында кырсыктап көз жумду

Жазылуу
Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн баланын сөөгү облустук ооруканага жеткирилгени жатат.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 12 жаштагы казакстандык бала "Каракол" лыжа базасында каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчиси Улан Асанбаев билдирди.
Бүгүн саат 15.00дөр чамасында милицияга өспүрүм ылдый түшүп келе жатып карагайга урунуп көз жумгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде милиция кызматкерлери иштеп, кырсыктын чоо-жайын тактап жатат. Баланын сөөгү облустук ооруканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлмөкчү.
Жаңылыктар түрмөгү
0