Арактын айынан... Токмок шаарында үч адам киши колдуу болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения в КР
Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөр менен каза болгон үч киши ичимдик ичип отуруп жаңжалдаша кетишкен. Үч жарандын денесине оор жаракат келтирген эки адам окуя болгон жерден из суутушкан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Токмок шаарында үч адам киши колдуу болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 9-январь күнү милицияга Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринин кожоюну сабалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу үч адамдын ар кандай жаракат алганын аныктап, Тез жардам чакырылган. Жаракат алгандардын бири ооруканага жетпей каза болсо, эки киши ооруканын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди карап, арак бөтөлкөсүнүн сыныктарын жана башка далил буюмдарды тапкан", — деп жазылат маалыматта.
Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиКылмышка шектелип кармалган 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М.
Тройное убийство в Токмоке - Sputnik Кыргызстан
Кылмышка шектелип кармалган 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М.
Териштирүү учурунда каза болгон жарандардын экөөсүнүн аты-жөнү такталып, алардын бири Э.Т. аттуу 39 жаштагы үй ээси, экинчиси 32 жаштагы Д.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Үчүнчү жарандын ким экенин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Отдых в British бане на горнолыжном курорте Красная Поляна - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо 38 жаштагы аял үч кызы менен иске ууланып каза тапты
Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу жарандар Кемин районунун аймагынан кармалышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана каза болгон жарандар чогуу ичимдик ичип отурушуп жаңжалдаша кетишкен. Жыйынтыгында эки адам үч жарандын денесине оор жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0