Каракол: тез татымдагы өрт газ баллондун жарылуусунан чыккан

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүГаз баллону. Архив
Газ баллону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган алты киши Тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Каракол шаарында тез тамактануучу жайдан чыккан өрткө газ баллондун жарылышы себеп болгон. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Буга чейин саат 15:00дөрдө Горький көчөсүндө жайгашкан тез татымдан өрт чыгып, ӨКМдин бир бөлүмү тартылганы жана ал 15:42де толук өчүрүлгөнү айтылган. Андан бир аял көз жумган.
"Тез татымдан газ баллон жарылып өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен каза тапкан А.Н. 2000-жылы төрөлгөн. Андан тышкары, алты адам түрдүү күйүктөрдү алган", — деп жазылат маалыматта.
Жабыркангандар Тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык.
Жаңылыктар түрмөгү
0