Бишкекте өспүрүм балага сексуалдык ыдык көрсөттү делип мектеп мугалими кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт
Кишенделген адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмгө ыпылас мамиле кылды делип кармалган шектүү Бишкек шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп иштей турганы аныкталган.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жашы жете элек балага ыплас мамиле жасаган делип 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден кабарлашты.
© Фото / пресс-служба Октябрьского РОВД по г. БишкекБишкек шаарында жашы жете элек балага ыплас мамиле жасаган делип 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден кабарлашты
Подозреваемый в совершении развратных действий в отношении подростка - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында жашы жете элек балага ыплас мамиле жасаган делип 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден кабарлашты
Маалыматта айтылгандай, 4-январь күнү райондук милицияга С.Ж. аттуу аял кайрылып, 15 жаштагы уулуна сексуалдык ыдык көрсөткөн адамга чара көрүүнү суранган.
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева педофилдер тууралуу маалымат база түзүүнү сунуштады
Шектүү шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген И.А. экени аныкталган. Аталган факты Жазык кодексинин 165-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн ыплас аракеттерди жасоого аракет кылган учурдагы видеосу дагы табылган.
Жаран Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаардык тергөө абагына эки айга камалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0