Ошто мектеп курууда миллиондогон акчаны кымырган айыл өкмөт башчы кармалды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура буга чейин Сарай айыл өкмөтүнүн жана "Акмат Курулуш" ЖЧКнын кызмат адамдары сүйлөшүп алып ортодон пайда көргөнүн аныктаган.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. УКМК Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөт башчысын кармады. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Ага ылайык, колго түшүрүлгөн адам 720 орундуу мектепти курууда мамлекетке 24 миллион 209 миң сомдук зыян келтирди деп айыпталууда.
Эске салсак, буга чейин аталган фактыны Кара-Суу райондук прокуратурасы аныктаган. Мектептин курулушу "Акмат Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 миң сомго келишим түзүлгөн. Имарат пайдаланууга 2019-жылдын 5-сентябрында берилген.
Бишкек эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчисин кармады
Бирок Сарай айыл өкмөтүнүн жана "Акмат Курулуш" ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен.
Былтыр 4-декабрда аталган факты Жазык кодексинин 320-беренесинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
6-январда УКМК кылмыш ишинин алкагында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.З.Жны кармаган.
Учурда тергөө уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0