Чүйдө 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголуп, милиция издеп жатат

© AFP / MARTIN BUREAUАял смартфон кармап турат. Архив
Аял смартфон кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дайыны чыкпай жаткан кыз үйдөн чыгып кеткенде ак курткачан, кара түстөгү шымчан болгон. Бутуна кара түстөгү чокой кийген.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиСокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделип жатат
Без вести пропавшая Мээрим Маматова - Sputnik Кыргызстан
Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделип жатат
2020-жылдын 2-декабрында Маматова Новопавловка айылындагы Кудайберген көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, кой көз. Үстүнө ак түстөгү күрмө, кара шым, кара чокой кийип жүргөн.
Кызды көргөн билгендер болсо 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерлерине кабарлай алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0