ГБРдин эки кызматкери кафеде эркек кишини сабады деген шек менен кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭркек адамды киши тепкилепт жатат. Иллюстративдик сүрөт
Эркек адамды киши тепкилепт жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бишкек шаарынын чок ортосундагы кафелердин биринде болгон. Анда эки киши бир адамды мазактап, сабашкан.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Борбор калаада эркек кишини сабады деген айып менен күзөт агенттигине тиешелүү Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 2-январь таңга маал саат 04:45те милицияга Киев көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишиндеги кафеде эркек кишини белгисиз бирөөлөр сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Колунда мылтык кармаган өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулуктун Орок айылындагы мушташтан үчөөнө ок тийип, бирөө бычак жеди
Окуя болгон жерге Кайгуул кызматынан барышкан. Ал жактан 32 жаштагы жабыркаган адам милицияга арыз жазып, аны эс алуучу жайдын ичинен ГБР кызматкерлери мазактап, сабашканын айткан.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Арыздын негизинде эркек кишини сабады деп шектелип жеке менчик агенттиктин 30 жана 20 жаштагы кызматкерлери кармалган.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0