Лейлекте ок атуучу курал сактап жүргөндөр кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткенде милиция Лейлек районунун тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнүн аныктап, куралды катылган жеринен тапты
Баткенде милиция Лейлек районунун тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнүн аныктап, куралды катылган жеринен тапты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алынган куралдарга экспертиза дайындалып, жыйынтыгында курал атайын кесилип, ок атууга даярдалгандыгы аныкталды.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Баткенде милиция Лейлек районунун тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнүн аныктап, куралды катылган жеринен тапты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиОгнестрельное оружие обнаруженное у жителя Баткенской области во время рейда
Баткенде милиция Лейлек районунун тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнүн аныктап, куралды катылган жеринен тапты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Баткенде милиция Лейлек районунун тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнүн аныктап, куралды катылган жеринен тапты
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиОгнестрельное оружие обнаруженное у жителя Баткенской области во время рейда
Буга чейин тартип коргоо органдарына шектүүлөр тууралуу билдирүү түшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
Буга чейин тартип коргоо органдарына шектүүлөр тууралуу билдирүү түшкөн
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиОгнестрельное оружие обнаруженное у жителя Баткенской области во время рейда
Аталган ишке жасаган кылмышы үчүн абакта жазасын өтөп чыккан жергиликтүү тургун шектелген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аталган ишке жасаган кылмышы үчүн абакта жазасын өтөп чыккан жергиликтүү тургун шектелген.
1/3
Баткенде милиция Лейлек районунун тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнүн аныктап, куралды катылган жеринен тапты
2/3
Буга чейин тартип коргоо органдарына шектүүлөр тууралуу билдирүү түшкөн
3/3
Аталган ишке жасаган кылмышы үчүн абакта жазасын өтөп чыккан жергиликтүү тургун шектелген.

Буга чейин тартип коргоо органдарына шектүүлөр тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган ишке жасаган кылмышы үчүн абакта жазасын өтөп чыккан жергиликтүү тургун шектелген.

Милиция менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам аракетинин натыйжасында 26-декабрдын түнү шектүү бараткан Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү унаа Лейлек районунун Кайрагач айылындагы чек ара постунан токтотулган. Ичинде Баткендин Лейлек, Жалал-Абаддын Чаткал жана Ысык-Көлдүн Тоң райондорунун 44, 27 жана 26 жаштагы тургундары болгон.

"Алар менен жүргүзүлгөн оперативдүү иш-чаранын натыйжасында бир даана ПМ (травматикалык) үлгүсүндөгү тапанча жана 16 калибрдеги (обрез) курал табылып, алынган. Аны Чаткалдын 27 жаштагы О.А. аттуу тургуну Лейлек районунун Жаштык айылынын күн батыш тарабындагы жол боюндагы арыктын артына жашырып койгон жеринен таап алып берген", — деп айтылат маалыматта.

Алынган куралдарга экспертиза дайындалып, жыйынтыгында ок атуучу курал атайын кесилип, ок чыгарууга даярдалгандыгы аныкталды.

Бул факты Лейлек РИИБинин КЖБРине Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") 2-бөлүгүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0