Баткендеги жер титирөөдөн 20дан ашык мекеме жабыркады

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан төрт күн мурунку күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Баткен облусунун аймагындагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн бир нече турак үйдүн жана мекеменин дубалдарында жарака пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 26-декабрь күнү катталган окуядан кийин Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн.

"Жалпы облус боюнча 11 орто мектептин, бир гимназия мектептин, бир башталгыч мектептин, бир маданият үйүнүн, беш бала бакчанын, бир банктын имараттарынын, 11 турак үйдүн дубалдарынан жарака кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Келтирилген зыян боюнча Жарандык коргонуу комиссиялар тарабынан тиешелүү актылар түзүлгөнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0