Сокулуктагы кафеден адамдар ууланып, иш козголду

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКиши вино бокалын кармап турат. Архив
Киши вино бокалын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча жарандар эмне жеп ууланганы жана алардын саны канча экени белгисиз. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Сокулук районундагы кафеде өткөн үлпөт тойдо адамдар ууланып, иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден кабарлашты.

27-декабрь күнү 37 жаштагы жаран милицияга кайрылган. Ал 24-декабрь күнү кафелердин биринде үлпөт той өтүп, ага катышкан коноктордун бардыгы ууланып ооруканага түшкөнүн билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузуу") боюнча иш козголуп, Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык борборуна кат жолдонду.

ИИББден билдиришкендей, жарандар эмне жеп ууланганы жана алардын саны канча экени азырынча белгисиз.

Саламаттык сактоо министрлиги факты боюнча комментарий бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0