Кара-Сууда таксистти байлап салып унаасын тартып алган шектүү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКармалган адам кишенчен. Архив
Кармалган адам кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таксисттен Жалал-Абадга жеткирип коюуну суранган адам жолдон ага кол салып, унаасын тартып алган. Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 33 жаштагы тургуну кармалган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кара-Суу районунда таксистке кол салып, автоунаасын тартып алып сатып жиберген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы жабырлануучу райондук милицияга кайрылып, Жалал-Абадга жеткирип коюуну суранган жүргүнчү аны карактап кеткенин билдирген.

"Шектүү жабырлануучуга Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы ээн жерден кол салган. Ок атуучу куралга окшош буюм менен коркутуп, талаа тарапка айдоону талап кылган. Карактаган адам айдоочуну байлап койгон, бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Криминалдык милиция кызматы аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 33 жаштагы тургунун кармады. Шектүү жабырлануучуга таандык Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын 50 000 сомго сатып жибергенин айткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында автоунаа табылганы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0