Прокуратура: Жалал-Абаддагы айыл өкмөт мамлекетке 17 млн. сом зыян алып келген

© Sputnik / Жоомарт УраимовКурс доллара к сому в КР
Курс доллара к сому в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук прокуратура Кɵк-Таш айыл ɵкмɵтүндɵ жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин каттады.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жалал-Абад прокуратурасы Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтү мамлекетти 17 миллиондон ашык сомго зыянга учуратканын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Чүйдүн жол инспекторлору пара алып жатат делген видео жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
Чүйдүн жол инспекторлору пара алып жатат деген видео жарыяланды
Маалыматка караганда, аталган айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдары ɵздɵрү же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, кɵпүрɵ, жол жана башка объектилердин аткаруу актыларын жасалмалашып, атайылап ашыкча суммаларды кɵрсɵтүшкɵн. Натыйжада мамлекетке 17 миллион 279 миң 755 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки ɵндүрүш иштерин жүргүзүү жагы Кыргызстандын өкмɵтүнɵ караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрɵшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Жалал-Абад облустук башкармалыгына тапшырылды. Учурда тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0