Байден Трамптын мигранттарга каршы чектөөсүн алып салууну убадалады

© REUTERS / JONATHAN ERNSTАКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байден АКШдан баш паанек издеп жаткандарга жумуш табуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылдыгына токтолгон.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы администрациясы ишин Дональд Трамптын өлкөнүн түштүк чек арасында мигранттарга каршы киргизген чектөөлөрүн алуу менен баштайт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын жаңы шайланган башчысы Жо Байден билдиргенин РИА Новости жазды.

"Өлкөнүн түштүк тарабындагы чек арада Трамптын администрациясы түзүп кеткен катастрофалык абалды жөнгө салуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керектигин айтышты. Биз Трамптын чектөөлөрүн алыш үчүн биринчи күндөн тарта жоопкерчиликтүү, максаттуу иштеп баштайбыз", — деди Байден.

Кандидат в президенты США от Демократической партии и бывший вице-президент Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Баары бир Байден. Трамптын реванш алышына эмне жолтоо болду?
Анын айтымында, пандемия шартында кризис жаратпастан АКШдан баш паанек издеп жаткандарга жумуш табуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл.

Эске салсак, Трамптын администрациясы өлкөгө кирүү үчүн эрежени татаалдаштырып салган. Ошондой эле АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендердин агымын азайтуу үчүн Мексика менен чектешкен жердин бир топ бөлүгүнө дубал орнотуп коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0