Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды

© AFP / RAUL ARBOLEDAКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ кайгуул кызматкерлери жолдун ортосунда эки киши урушуп жаткандыгын көрүшкөн. Бири экинчисин коркутканы үчүн суралып жатат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкекте жол талашкан айдоочуну курал менен коркутуп жаткан киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 28-декабрда, болжол менен саат 12:00дөр чамасында Айтматов көчөсүндө болгон. Анда милициянын кайгуул кызматкерлери жолдун ортосунда эки киши урушуп жаткандыгын көрүшкөн.

© Фото / пресс-служба УПСМБишкекте жол талашкан айдоочуну курал менен коркутуп жаткан киши кармалды
Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол талашкан айдоочуну курал менен коркутуп жаткан киши кармалды
"Айдоочулар жол талашып урушуп, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон. Милиционерлер экөөнүн урушун токтотуп, курал кармап жүргөн 24 жаштагы баланы кармап, Ленин РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Ленин райондук ИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0